барыш жөндөмө
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаБарыш жөндөмөсү (дательный падеж) сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин, айтыла турган ойдун жана сөздүн багытын, аткарылар ордун билдирип, кимге? эмнеге? каякка? деген суроолорго жооп берет. Барыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -га. Бул тыбыштык өзгөрүүлөргө карай бир нече варианттарда колдонулат. Толук түрү: -га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, ко, -кө; үчүнчү жактын таандык мүчөсүнөн кийин: -на, -не, -но, -нө; кыскарган түрдө: -а, -е, -о, -ө болуп өзгөрөт.
Барыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн тыбыштык өзгөрүүлөрү төмөндөгүдөй болот.